Биз социалдык тармакта

Ырчы, дастанчы Азиз Батыров уулдуу болду (видео)

Ырчы, дастанчы Азиз Батыров үчүнчү ирет ата статусуна ээ болуп, уулдуу болду. Бул тууралуу ырчы мырза SUPER.KG порталына билдирди.

Ырчы мырзанын айтымында, учурда эне-баланын абалы жакшы. Үчүнчү наристеси бүгүн, 28-февралда жарык дүйнөгө келген.

"Бул, буюрса, менин үчүнчү наристем. Буга чейин бир уул, бир кызым бар эле, үчүнчүсүндө дагы уулдуу болдум. Балам бүгүн, 28-февраль күнү эртең менен төрөлдү. Учурда жубайымдын да, баламдын дагы абалы жакшы. Азыр жакындарым, досторум, ата-энем менен баарыбыз майрамдап жатабыз", - дейт ал.

Айта кетсек, Азиз Батыров менен жубайы 2020-жылы тун наристелүү болушкан.

Ырчы, дастанчы Азиз Батыров кырк жылкылуу болду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан