Кемин районунда мас
айдоочу унаасы менен бир адамды сүзүп кетти. Бул туурасында Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка
караганда, окуя кечээ, 8-январда катталып, жол кырсыгы Орловка-Кызыл-Суу унаа
жолунда болгон. Анда 1977-жылы туулган айдоочу 50 жаштагы жөө адамды сүзүп
алган. Алган жаракатынан улам жабырлануучу ошол жерден жан берген. Эксперттердин баамында айдоочу ошол
күнү спирт ичимдиктерин ичкен.