Баткенде мурда соттолгон жаран баңгизат менен кармалды

Мурда соттолгон жаран Баткенде баңгизат менен кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 3-мартта облустук милициядан билдирди.

Маалыматка ылайык, ыкчам-иликтөө иштеринин жүрүшүндө мурда соттолгон Баткен шаарынын тургуну 45 жаштагы К.У. бара жаткан “ВАЗ 2107” унаасын тинтүү учурунда өзгөчө жыты бар кара-күрөң түстөгү баңгизатына окшогон зат целлофан баштыкка даярдалып оролгон 27 даана таңгак К.У.нун кийип жүргөн күрмөсүнүн чөнтөгүнөн табылып, алынган.

Бул факт Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) менен катталып, экспертизанын корутундусуна ылайык “гашиш” наркотикалык заты экендиги аныкталды.

Шектүүгө Ош-Баткен багыты боюнча наркоканал уюштурган деген айып коюлуп, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан