Кант шаардык ооруканасынын башкы дарыгери милиция кызматкерлерине кайрылып, 2013-жылдын 23-декабрында белгисиз бирөөлөр аталган оорукананын китепканасынын эшигин сындырып, ичиндеги компьютер, китептерди уурдап кетишкенин айткан. Бул факты боюнча Ысык-Ата РИИБи 164-берене (уурулук) менен кылмыш ишин козгогон.
Жүргүзүлгөн бир катар иш-чаралардын негизинде кылмышка шектелип 17 жаштагы Анатолий жана 27 жаштагы Николай кармалышкан. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.