"Орусияга чейин сатабыз". Бишкекте миллион сомдон ашык алдамчылык жасаган делип 33 жаштагы киши кармалды

Бишкек шаарында алдамчылыкка шектелген 33 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Ленин РИИБинен билдирди.

Маалыматка ылайык, ал былтыр апрель менен ноябрь айынын ортосунда жабырлануучунун ишенимине кийим тигүү тармагында биргелешкен ишкердик баштоону сунуштап кирген да, анын 1 миллион 410 миң сомун алган. Бирок шектүү убадасын аткарбастан из жашырып кеткен. Ал жабырлануучуга кийин кийимдерди Орусияга чейин сатабыз деген убадаларды дагы берип келген.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) менен кылмыш иши козголуп, шектүү кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда тергөө иштери уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан