Бишкекте кыз зордуктоого шектелип 24-25 жаштагы 5 жаран кармалды

Бишкекте зордуктоо фактысына шектүү 5 жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Бул тууралуу калаанын Свердлов РИИБинен билдиришти.

Маалымата ылайык, 28-февралда милицияга кыз киши кайрылган. Жабырлануучу ошол эле түнү белгисиз 5 жаран аны кафеден күч колдонуп алып чыгып, белгисиз тарапка алып барып зордукташканын билдирген.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 154-беренеси (Зордуктоо) менен кылмыш иши козголгон. Шектүү катары 25 жаштагы 3 жаран жана 24 жаштагы 2 жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.










05.03.25
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан