Ысык-Ата районунда “жашы жете элек кыз менен жыныстык катнашта болгон” деп шектелип 18 жаштагы жигит кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 18 жаштагы М.Н. аттуу жигит 15 жаштагы кыз менен жыныстык катнашка барган. Учурда бул иш боюнча 132-берене (16 жашка толо элек адам менен жыныстык катнашта болуу) менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.