Орусиянын аймагында кыргызстандык эки жаранды бутка аткан адам кармалды

Орусиянын аймагында кыргызстандык эки жаранды бутка аткан адам кармалды. Маалыматка караганда, ал 1968-жылы туулган жергиликтүү тургун болгон. 
Эске сала кетсек, кечээ, 8-январь күнү аңчылык кылуучу мылтыктын огунан Баткен облусунун Исфана шаарынын эки тургуну жараат алган. Алар 33 жаштагы Зарипжан Турусбаев жана 28 жаштагы Өткүр Турсунбаев экендиги аныкталган. 
Жабыркагандар ошол күнү Нурик аттуу таанышына барып, карызын доолашкан. Түшүнбөстүктөн ортодо жаңжал чыккан. Мындан улам Нурик жашаган үйдүн ээси чыгып, аларга ок чыгарган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан