Бишкекте үй шартында төрөлгөн ымыркай чарчап калды. Бул тууралуу 9-январда “Тез жардам” кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, "Тез жардам” кызматына түнкү саат 02:20да Арча-Бешик конушунан чакыруу түшкөн. Бирок дарыгерлер барганча ымыркай чарчап калган. Анын энеси, 25 жаштагы келин ооруканага жаткырылган.