"Гүл саткан дүкөндөр эки эсе көбөйдү". Министрлик гүл өстүрүүнүн бир нече багыттарын сунуштады

Акыркы 5 жылдын ичинде Кыргызстандын шаарларында гүл сатуучу дүкөндөрдүн саны эки эсеге өстү. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдирди.

Маалыматка ылайык, жыл сайын өлкөгө Кения, Эквадор жана Голландиядан 2 миллиондон ашык гүл импорттолот.

Министрлик сиз адистеше турган гүл өстүрүүнүн бир нече багыттарын сунуштайт. Алар кесилген гүлдөрдү же гүлдүү өсүмдүктөрдү кампаларда өстүрүү (белек катары), декоративдик өсүмдүктөрдүн уруктарын, пияздарын жана көчөттөрүн сатуу. Ар бир ыкманын потенциалы чоң, бирок экөөнү тең айкалыштыруу менен эң сонун натыйжага жетүүгө болот.

"Эң популярдуу гүлдөр - роза, гвоздика, лилия, хризантема жана жоогазын кирет. Бул гулдөрдү өстүрүүдө гүлгө болгон суроо талап бир калыпта эмес экендигин эске алуу тийиш. Ал эми күз, кыш мезгилинин аягы, жаздын башталыш убактарында бул гүлдөрдүн көп санда өстүрүүнү пландаштырууга ыңгайлуу учур", - деп айтылат билдирүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан