Талас облусунун ички иштер башкармалыгы кенже орундарын ээлөөгө, кадрлар резервин түзүү үчүн сынак жарыялайт. Бул туурасында Талас ОИИБинин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалымдалгандай, сынакка укук коргоо органдарына кызматка кабыл алуунун жана кызмат өтөөнүн шарттарына жана квалификациялык талаптарына жооп берген 19 жаштан 30га чейинки курактагы Кыргызстандын жарандары катыша алат.
Тиешелүү документтер 31-мартка чейин кабыл алынат. Байланыш телефондору: (03422) 5-25-14, 0708 68 68 49.