
Тоң районунун Кажы-Сай айылында жайгашкан “Южный” пансионаты мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан кабарлашты.
"Ысык-Көл облусунун Тоң райондук прокуратурасы тарабынан мыйзамсыз менчиктештирилип кеткен мамлекеттик мүлктү кайтаруу боюнча жүргүзүлгөн текшерүүдө, мурда мамлекеттин менчигинде турган Кажы-Сай айылындагы “Южный” пансинонаты жана ага тийиштүү жер тилкеси мыйзамсыз жеке жактардын менчигине берилип кеткендиги аныкталган", - деп билдиришти прокуратурадан.
Келтирилген прокурордук чара көрүү актылардын жыйынтыгында 14 миллион 988 миң сомду түзгөн “Южный” пансионатынын имараты жана 10 миң 183 чарчы метр жер тилкеси мамлекеттин менчигине кайтарылды.