Бүгүн, 9-январда Бишкек шаарынын Байтик баатыр жана Горький көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан “Смак+” соода борборунда өрт чыкты. Анын кесепетинен борбордун 500 чарчы метр жери күйүп кетти. Бул туурасында Өрткө каршы мамлекеттик агенттигинин өкүлү Жанат Осмонов билдирди.
Маалыматка караганда, өрттү өчүрүүгө 3 унаа тартылган. Учурда өрттүн келип чыгуу себептери такталууда. Алдын ала маалыматтарга караганда, кийимдерди сактоочу жай күйгөн.