Жети-Өгүздө көлдүн жээгиндеги спорт лагери мамлекетке кайтарылды

Ысык-Көлдүн Жети-Өгүз районунда спорт лагери мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу бүгүн, 12-мартта УКМКдан билдирди.

Маалыматка ылайык, Кызыл-Суу айыл аймагында көлдүн жээгинде жайгашкан спорт лагеринин 162,2 чарчы метр имараты жанаша жайгашкан 213,67 чарчы метр жер тилкеси менен мамлекеттик менчикке кайтарылып берилди.

Аталган спорт лагери 2003-жылы жеке менчикке мыйзамсыз чыгарылганы аныкталган. Мындан улам азыркы менчик ээлери өздөрүнүн мүлктөрүнө ээлик кылуунун мыйзамсыздыгын түшүнүп, ыктыярдуу негизде мамлекетке өткөрүп беришкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан