Бүгүн, 12-марттагы Жогорку Кеңештин жыйынында Финансы министрлигинин Эл аралык кызматташтык башкармалыгынын башчысы Нурбек Акжолов депутат Мирлан Самыйкожонун суроолоруна жооп берип жатып, былтыр чет мамлекеттерден канча акча каражаты алынганын айтты.
Ал жалпы 40 миллиард сом алынганын, анын 35 миллиард сому өздөштүрүлгөнүн билдирди. Акжоловдун айтымында, өздөштүрүлгөн сумманын ичинен 14 миллиард сом грант түрүндө келген, ал эми 21 миллиард сом насыя катары алынган.
Ошондой эле ал быйылкы жылга карата чет жактан 41 миллиард сом алуу пландалып жатканын белгиледи.
"Анын 13 миллиард сому грант, калганы насыя болуп эсептелет", - деди министрликтин өкүлү.