"Легенда". Ипподромдо каза болгон Мирлан Сраждинов деген ким болгон?

Бүгүн, 12-мартта көк бөрү дүйнөсүндө чоң жоготуу болду. Нооруз майрамына карата уюшулган турнирдин биринчи оюнунда легендарлуу улакчы, Сокулуктун "Бөрүлү" командасынын капитаны Мирлан Сраждинов атаандашы менен болгон кагылышуудан каза болду.

Мирлан Сраждинов 1980-жылы Чүй районунун Камышановка айлында төрөлгөн. Ал үй-бүлөдө жалгыз эркек болгон (эжеси жана карындашы бар). Маркум 9-классты бүткөндөн кийин эле Төш-Булак айылындагы чоң атасына барып, улак тартууну ошол жерден баштаган. Маркумдун артында 3 уулу калды.

1997-2016-жылдар аралыгы “Бөрүлү” командасында ойногон. 2014-жылы Көчмөндөр оюндарында курама командада ойногон. 2018-2019-жыл “Четинди”, 2022-жыл “Көк бөрү мектеби” Нооруз турниринде оюнчу-машыктыруучу. 2023-жыл “Четинди” командасына машыктыруучу болгон.

Быйыл Нооруз турниринде Сокулуктун "Бөрүлү" командасынын капитаны катары оюн талаасына чыгып, тилекке каршы, 12-март күнү ипподромдо каза болду.

Маркум мындан үч ай мурун УТРК Спорт телеканалына маек берген:

"Бул оюнсуз тура албайсың. Ооруп жатсаң дагы барып көрүп келесиң. Айыккандан кийин кайра ат минип баштайсың, көп болсо жарым жыл", - деген Мирлан Сраждинов.

Ал ошондой эле Нарындын "Намыс" командасынын оюнчусу Дастан Руслановдун оюнун жогору баалаган.

"Мыкты улакчылар деп Кубаныч Султан уулу, Манас Ниязовду эсептейм. Жаштардан эң күчтүү Дастан Русланов. Шамдагай, жүрөгү курч, баарына жетишет. Негизи эле күчтүү бала да, улакты берилип тартат" , - деген Сраждинов.

Маркум маегинде үй-бүлөсү менен чогуу сүйлөшүп, тамактанган учурун эң бактылуу учур деп эсептээрин кошумчалаган.

Мирлан Сраждинов АКШ, Башкортостан сыяктуу курамаларда дагы машыктыруучу болгон.

Жетишкендиктери:

− Көк бөрү боюнча Кыргыз Республикасынын спорт чебери;

– Бир нече жолку мыкты оюнчу наамынын ээси;

– 2004-жыл – Нооруз турнири, 3-орун ("Бөрүлү");

– 2004-жыл – КРнын чемпиондугу, 3-орун ("Бөрүлү");

− 2005-жыл − КРнын Президентинин кубогу, 2-орун ("Бөрүлү");

− 2005-жыл – Улуттук спартакиада 2-орун (Бишкек шаары);

− 2006-жыл − КРнын Президентинин кубогу, 1-орун ("Бөрүлү");

– 2006-жыл – КРнын чемпиондугу, 1-орун ("Бөрүлү");

− 2007-жыл – Нооруз турнири, 2-орун ("Бөрүлү");

− 2008-жыл – Нооруз турнири, 1-орун ("Бөрүлү");

− 2008-жыл − КРнын Президентинин кубогу, 1-орун ("Бөрүлү");

− 2009-жыл − Нооруз турнири, 1-орун ("Бөрүлү");

− 2009-жыл − КРнын Президентинин кубогу, 1-орун ("Бөрүлү");

− 2010-жыл − Нооруз турнири, 1-орун ("Бөрүлү");

− 2010-жыл – КРнын Президентинин кубогу, 1-орун ("Бөрүлү");

– 2012-жыл − КРнын Президентинин кубогу, 1-орун ("Бөрүлү");

– 2013-жыл – КРнын Президентинин кубогу, 3-орун ("Бөрүлү");

– 2014-жыл – 9-май турнири, 2-орун ("Бөрүлү");

– 2014-жыл – Көчмөндөр оюндары, 2-орун ("Кыргызстан-2");

– 2023-жыл – Нооруз турнири, 2-орун ("Четинди" машыктыруучу);

2024 – Жеңиш кубогу, 3-орун ("Сары-Өзөн", 40+).

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан