Бүгүн, 12-мартта Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келди. Аны “Манас” эл аралык аэропортунан президент Садыр Жапаров тосуп алды. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматынан билдиришти.
Кабарлангандай, анда флагштокторго эки өлкөнүн желектери илинди, килем төшөлдү, улуттук боз үй түрүндө инсталляция орнотулду, ардак кароол тизилди. Улуттук кийимчен кыздар Эмомали Рахмон менен учурашып, ага гүл сунушту.
Мамлекет башчылары кыргыз жана тажик музыкалык чыгармаларын аткарган кыргыз артисттеринин катышуусундагы концерттик программаны көрүштү.
Мамлекеттик сапардын алкагында эртең, 13-мартта, өлкө лидерлери өз ара кызыкчылык туудурган маселелердин кеңири чөйрөсүн, эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары тереңдетүүнүн келечегин талкуулашат. Мындан сырткары бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлат.