Бүгүн, 12-мартта, “Ала-Арча” мамлекеттик жаратылыш паркында президент Садыр Жапаров менен Тажикстандын мамлекет башчысы Эмомали Рахмон, анын өлкөгө жасаган мамлекеттик сапарынын алкагында уюштурулган этномаданий программа менен таанышты.
Анда мамлекет башчылары кол өнөрчүлөрдүн аллеясында боз үйлөрдүн инсталляцияларында чагылдырылган көчмөн элдин жашоосу менен таанышты. Анын алкагында Тажикстандын мамлекет башчысына комуз белекке берилди.
Садыр Жапаров өз колу менен Эмомали Рахмонго белекти тапшырды.