Садыр Жапаров Эмомали Рахмонду Ала-Арчада кандай сыйлады? (видео)

Өлкө башчы Садыр Жапаров жана Бишкекке кечээ, 12-мартта мамлекеттик сапар менен келген Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Ала-Арча мамлекеттик жаратылыш паркында уюштурулган этномаданий программа менен таанышты.

Эки өлкөнүн лидерлери келгенде аларды төкмө акындар тосуп алышты.

"Кыргыз-тажик бир болуп, аткарылсын чоң жумуш,

Садыр абама ыракмат, эл үчүн күйүп-жандыңыз!

Эмгектен баар алдыңыз,

Чек араны чечүүдө чоң кадамдарга бардыңыз", - деп ырдады төкмө акын Акматбек Султан уулу.

Андан соң мамлекет башчылары кол өнөрчүлөрдүн аллеясында боз үйлөрдүн инсталляцияларында чагылдырылган көчмөн элдин жашоосу менен таанышты. Ал жактан Тажикстандын мамлекет башчысына комуз белекке берилип, аны Садыр Жапаров өз колу менен Эмомали Рахмонго тапшырды. Көргөзмөнү көрүп чыккандан кийин президенттер хан боз үйдүн сыйлуу жеринен орун алышты.

Этномаданий программанын алкагында “Камбаркан” фольклордук-этнографиялык ансамбли жана “Ак-Марал” бий ансамблинин катышуусунда концерт коюлду. Андан кийин конокторго керней, сурнай жана добулбастын коштоосунда манасчы “Манас” эпосунан үзүндү айтып берди. Эпикалык баяндын уландысы катары “Камбаркан” жана “Ак-Марал” ансамблдеринин музыкалык композициясын аткаруусу болду.

Этномаданий программа бүркүтчүлөрдүн, жаачылардын жана тайганчылардын муундан муунга өтүп келе жаткан салбуурун салттуу мергенчилик өнөрүн көрсөтүү менен жыйынтыкталды.

Видео
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан