Айыл чарба министрлиги багбанчылыкта колдонулуп келген дарактарды дарылоо ыкмалары тууралуу маалымат таратты.
Ага ылайык, эрте жазда бак-даракты дарылоо өсүмдүктөрдү зыянкечтерден, козу карындардан жана оорулардан коргоо үчүн маанилүү болуп саналат.
Дарылоонун негизги максаты – кыштан кийин дарактарды жандандырып, зыяндуу микроорганизмдердин жана курт-кумурскалардын көбөйүшүн алдын алуу. Ошондой эле дарылоо дарактын иммунитетин күчөтөт.
Февраль, март айларында бактарды акиташ менен актоо сунушталат. Ал ыкма жумуртка таштаган зыянкечтерди жана козу карындарды өлтүрүп, күндүзгү ысык менен түнкү сууктун айырмачылыгынан сөңгөктү коргоого жардам берет.
Ал эми эрте жазда дарылоо болсо, март-апрель айларында жүргүзүлөт. Анда кыштап чыккан зыянкечтердин личинкаларын жана козу карын спораларын жок кылуу иштери жүрөт. Дарылоодо колдонулуучу дары каражаттар:
Апрель-май айларында болсо гүлдөп, 70 пайыз гүлү күбүлүп калганда химикаттарды өз белгиленген өлчөмүнөн ашырбай колдонуу менен дарылоо сунушталат.
"Эгер сиздин багыңыз органикалык болсо, химиялык дарыларды колдонбой, самындуу эритме, күл эритмеси жана биологиялык инсектициддерди колдонсоңуз болот", - дешет адистер.