Бүгүн, 13-марттагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Султанбай Айжигитов борбордук трибунада сүйлөө үчүн 10 мүнөт убакыт сурады.
Сунуш добушка коюлуп, каттоодон өткөн 73 депутаттын 19у "макул" болсо, 5и "каршы" берди. Калган эл өкүлдөрү добуш бербей коюшту. Жыйынтыгында сунуш колдоо тапкан жок. Добуш берүүдөн соң парламент төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу "сизге бүгүн да сөз жок" деп тамашага салып күлдү.
"Бул деген аябай жаман белги да. Бизде мыйзам чыгаруу бийлик бутагы толугу менен узурпация болуп калыптыр. Эч жакшылыкка алып келбейт. Бизде практикалык түрдө парламент жок экенин айтып жатат.
Мына 73 киши катталган, бирок катышканы 24 эле. Анын 19у мага добуш берип жатпайбы. Азыркы добуш берүү катышкандар менен эле чечилиши керек болчу, президенттик менен парламенттик шайлоолорду деле канча адам катышса ошону менен эле өткөрүп коюп жатпайсыңарбы. Парламент жокко эсе болуп калды", - деди Айжигитов.
Эске салсак, Султанбай Айжигитов Жогорку Кеңештин кечээки жыйынында да "Ыйман нуру" фракциясынан чыгарылышы боюнча пикирин билдирүү үчүн 10 мүнөт убакыт сурап, депутаттар макулдук бербей коюшкан.