Каныбек Туманбаев: “Элибиздин жашоо шартын жакшыртууга бардык күчүбүздү жумшайбыз”

Элдин жашоо шартын жакшыртууга бардык күч жумшалат. Бул тууралуу президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев билдирди.

"Президентибиздин тапшырмасы менен Ысык-Көл облусуна барып, аймактагы социалдык жана экономикалык маселелер менен жеринен тааныштык. Бул иш сапарыбыздын жүрүшүндө инфраструктураны жакшыртуу, социалдык объекттерди оңдоо жана жаңы долбоорлорду ишке ашыруу боюнча жергиликтүү бийлик органдары менен биргеликте талкууладык.

Биз элибиздин жашоо шартын жакшыртууга бардык күчүбүздү жумшап, социалдык объекттерде заманбап шарттарды түзүп, келечек муун үчүн бекем пайдубал курушубуз керек деп эсептейм", - дейт ал.

Ал кошумчалагандай, жарактан чыккан, колдонууга мүмкүн болбогон оорукана, мектеп, бала бакча жана башка объекттердин баары оңдолуп, кайрадан курулат.

Каныбек Туманбаев
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан