Бүгүн, 13-мартта Бишкекте президент Садыр Жапаров менен Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун расмий жолугушуусу болду. Анын алкагында эки өлкөнүн лидерлери кыргыз-тажик чек арасы боюнча макулдашууга кол коюшту.
Мындан сырткары эки өлкөнүн чек арасы расмий түрдө ачылды. Белгилей кетсек, эки өлкө ортосундагы чек ара өткөрүү жайлары 2021-жылдын май айында болгон биринчи кандуу кагылыштан кийин жабылган болчу.
Белгилүү болгондой, Рахмон Кыргызстанга кечээ, 12-мартта келген.