Садыр Жапаров марттын аягында Худжанд шаарына барарын айтты

Бүгүн, 13-мартта президент Садыр Жапаров менен Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун сүйлөшүүлөрү болуп өттү. Бул тууралуу президенттин администрациясы билдирди.

Мамлекет башчысы Тажикстан менен достук жана ынак коңшулук мамилелерди өнүктүрүү Кыргызстандын тышкы саясатынын негизги артыкчылыктарынын бири болуп саналарын белгиледи.

"Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы мамлекеттик чек ара жөнүндө келишимге кол коюу тагдыр чечүүчү тарыхый окуя болоруна, ал биздин өлкөлөрдүн эли жана кеңири эл аралык коомчулук тарабынан шыктануу менен кабыл алынарына ишенем. Бул кадам биздин мамлекеттердин гана эмес, бүтүндөй Борбордук Азия регионунун коопсуздугун, туруктуулугун жана туруктуу өнүгүүсүн бекемдөөгө олуттуу салым кошот", - деп белгиледи Жапаров.

Ошондой эле кол коюла турган эки тараптуу документтер өз ара ишеним, достук жана ынак коңшулук принциптерине негизделген кыргыз-тажик мамилелеринин өнүгүүсүнө жаңы дем берет деген ишенимин айтты.

"Бул багыттагы маанилүү кадам болуп чек арага жакын райондордун кызматташтыгын бекемдөө саналат. Бул жерде ынак коңшулук мамилелерди бекемдеген биргелешкен маданий иш-чаралар өзгөчө роль ойнойт. Бул контекстте үстүбүздөгү жылдын 31-мартында Худжанд шаарында өтө турган Ноорузду майрамдоонун маанилүүлүгүн белгилегим келет", - деди өлкө башчы.

Президент Ноорузду чогуу майрамдоо Борбор Азия элдеринин тынчтыгын жана биримдигин символдоштурган жакшы салт болуп калат деген ишенимин билдирип, ага катыша тургандыгын айтты.

Өз кезегинде президент Эмомали Рахмон жылуу меймандостугуна ыраазычылыгын билдирип, эки өлкөнүн элдерин көп кылымдык достук жана ынак коңшулук байланыштырып турганын белгиледи.

"Биз бул байланыштарды мындан ары да бекемдөөгө даярбыз. Бүгүн биз өлкөлөрүбүздүн чек аралары боюнча тарыхый чечим кабыл алабыз. Чек ара боюнча келишим мамлекеттер аралык мамилелерди мындан ары чыңдоо үчүн бекем негиз түзөт. Ал эми кол коюла турган документтердин топтому тажик-кыргыз мамилелеринин жаңы барагын ачат. Бүгүнкү жолугушуулардын жыйынтыгы өз ара мамилелерди элдерибиздин түпкү кызыкчылыктарына жооп берген жаңы деңгээлге чыгарарына ишенем", - деп белгиледи Тажикстан лидери.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан