Бүгүн, 13-мартта Тажикстандын пезиденти Эмомали Рахмондун Бишкекке жасаган мамлекеттик сапарынын алкагында кыргыз-тажик өз ара аракеттенүүсүн арттырууга багытталган бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлду.
Президенттин басма сөз кызматынан билдиргендей, өлкө башчы Садыр Жапаров менен Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон биргелешкен билдирүүгө жана эки өлкө ортосундагы мамлекеттик чек ара жөнүндө келишимге кол коюшту.
Мындан тышкары төмөнкү документтерге кол коюлду:
- Министрлер кабинети менен Тажикстандын өкмөтүнүн ортосундагы суу чарба жана энергетикалык объекттерге жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу боюнча макулдашуу;
- Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы автомобиль жолдорун куруу жана пайдалануу, автомобиль жолдорунун кесилишин жайгаштыруу жана пайдалануу жөнүндө макулдашуу;
- Эки мамлекеттин Айыл чарба министрликтеринин ортосунда айыл чарба тармагында кызматташуу жөнүндө макулдашуу;
- Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин алдындагы Ветеринардык кызмат менен тажик өкмөтүнө караштуу Азык-түлүк коопсуздук комитетинин ортосундагы ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук чөйрөсүндө кызматташуу жөнүндө макулдашуу;
- Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги менен Тажикстандын өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш боюнча комитетинин ортосундагы жер титирөөгө туруктуулукту камсыз кылуу, энергоэффективдүү жана жашыл технологияларды өнүктүрүү жана шаар куруу чөйрөсүндө кызматташуу жөнүндө меморандум;
- Экономика жана коммерция министрлиги менен Тажикстандын Өнөр жай жана жаңы технологиялар министрлигинин ортосунда өнөр жай жана жаңы технологиялар жаатында кызматташуу жөнүндө меморандум;
- Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги менен тажик өкмөтүнө каратуу Жаштар иштери жана спорт боюнча комитетинин ортосундагы 2025-2027-жылдарга жаштар саясаты чөйрөсүндө кызматташуу программасы;
- Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттик менен Тажикстандын Жаштар иштери жана спорт боюнча комитетинин ортосундагы 2025-2027-жылдарга дене тарбия жана спорт чөйрөсүндө кызматташуу программасы;
- Бишкек менен Душанбе шаарынын ортосунда боордоштук байланыштарды түзүү жөнүндө макулдашуу;
- 2025-2027-жылдарга Ош облусунун Чоң-Алай району менен Тажикстандын Лахш районунун ортосундагы соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий чөйрөлөрдө кызматташуунун программасы;
-2025-2030-жылдарга Ош облусу менен Тажикстандын Тоолуу Бадахшан автономдуу облусунун ортосундагы соода-экономикалык жана маданий чөйрөдө кызматташуу программасы;
- Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы менен тажик тараптын Бажы кызматынын ортосундагы Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда ташылуучу товарлар жана транспорт каражаттары жөнүндө алдын ала маалыматтар менен алмашууну уюштуруу тууралуу протокол;
- Эки мамлекеттин Финансы министрлиги тарабынан терроризмди каржылоого, кылмыш жолу менен алынган кирешелерди адалдоого каршы аракеттенүү чөйрөсүндө көзөмөл жаатында кызматташуу жана маалымат алмашуу жөнүндө меморандум;
- Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Кыргызэкспорт мамлекеттик мекемеси менен Тажикстандын өкмөтүнө караштуу Экспорт боюнча агенттиктин ортосунда кызматташуу жөнүндө меморандум.