Аялзатынын бети өтө назик жана сезимтал болгондуктан, айлана-чөйрөдөгү жаман таасирлерге туруштук бере албайт жана кам көрүлбөй калган учурда бат эле бузулуп кетет. Учурда жаз келип, аба алмашып бетибиз өзгөчө кам көрүүнү талап кылган учур. Бул мезгилде бетке кандай кам көрүү керек? Ушул жана башка суроолорго косметолог Айзирек Мурзабекова жооп берет.
Кыштагы суук бүтүп, күн жылый баштаган учур. Ал эми биздин бет терибизге аба ырайынын өзгөрүшү кандай таасир берет?
– Кыш мезгилинде биздин бет терибиз аба ырайына байланыштуу кургап баштайт. Эшиктеги суук, кышындагы аяз жана үйдөгү жылыткычтар абаны кургатып салат, мындан улам биздин бет терибизде нумдуулук жоголот. Ошол себептүү кыш бүтүп, аба ырайы жылый баштаганда бетке кам көрүү зарыл. Башкача айтканда, кышында кургап калган терини нымдаштыруу керек. Ал үчүн бир жумада бир жолу бетти азыктандырып, тазалап турсаңыз болот. Мындан тышкары нымдаштыруучу кремдерди, күндөн коргоочу SPF крем колдонууну жана жашылча-жемиштерди көп жегенди сунуштайт элем.
Жаз айы менен биргеликте айрым айымдарда бетке так түшүү сыяктуу көйгөйлөр башталат. Косметолог катары муну кандайча түшүндүрүп берет элеңиз?
– Ооба, туура айтасыз, жаз келип күн жылыганда айымдардын бетинде ар кандай көйгөйлөр башталат. Негизи мунун башкы себеби күндөн коргонуучу керем демекмин. Бетибизге туура тандалган SPF крем жана С витамини бар сыворотка колдонуу так түшүүдөн кандайдыр бир деңгээлде коргой алат. Булардан тышкары төрөттөн калган тактар, 50 жаштан өткөндөн кийинки теридеги өзгөрүүлөр, ички органдардын оорусу дагы бар. Бул учурдагы тактарды адистин жардамы менен текшерүүдөн өтүп дарылаш керек болот.
Жаз айында бетке кантип туура кам көрөбүз?
– Негизи эле жаз айында гана эмес, ар бир мезгилде бетке туура кам көрүү маанилүү. Эң эле алгач бетибизге үйдөн туура кам көрүү болуш керек. Ал деген көчөдөн келгенде бетти тазалоо, нымдаштыруучу кремдерди жана сөзсүз түрдө SPF крем колдонуу. Ошондой эле жумасына бетке ар кандай маскаларды коюп, пилинг жасап туруу керек, бул беттеги өлгөн клеткалардан арылтып, териңиздин дем алуусуна шарт түзөт. Эгер бетиңизде көйгөйлөр бар болсо, анда дагы башка кам көрүүлөрдү кошуу зарыл жана косметологдорго кайтылуу керек.
Ар бир мезгилге жараша бетибизге колдонуп жаткан каражаттарды алмаштырып туруу керекпи?
– Мезгилге жараша колдонгон каражаттарды өзгөртүп туруу өтө деле маанилүү эмес. Болгону күн суук учурунда, тактап айтканда, күз-кыш айларында азыктандыруучу кремдерди колдонгон жакшы. Ал эми жаз-жай айларында жеңил, нымдаштыруучу кремдерди колдонсок болот.
Косметолог катары бетке кандай каражаттарды колдонууну сунуштайсыз? Кайсы өлкөдө жасалган косметикалык каражаттар биздин өлкөнүн аба ырайына туура келет?
– Мен эң эле агач туура тамактануу жана өз убагында уктоону сунуштайт элем. Бул биздин бет терибиздин жакшы болушуна өтө чоң таасир берет. Ушул нерселерге көңүл буруп, андан кийин кам көрүүнү баштаган туура. Ошондой эле бетти тазалоочу, кам көрүүчү каражаттарды алганда ар ким өзүнүн бет терисине жана жаш курагына ылайыктуусун тандоосу кажет. Кам көрүүчү каражаттарды аба ырайына эмес, курамына карап тандаган туура. Ошондой эле бетиңизде кандайдыр бир көйгөй болсо, ага карата каражаттарды тандоо маанилүү.
Жаз айына ылайыктуу үй шартында жасалган масканын жасалуу жолу менен бөлүшүп өтсөңүз.
– Мен айымдарга өзүмдүн жакшы көрүп жасап жүргөн маскамдын жасалуу жолу менен бөлүшөйүн. Ал үчүн бизге кадимки эле гречка, жумуртка керек болот. Эң алгач эки аш кашык гречканы кайнатып, муздагандан кийин эзип алабыз, андан кийин жумуртканын сарысын кошуп аралаштырабыз. Даяр болгон масканы таза бетке, колго жана моюнга сүйкөп 15-30 мүнөткө чейин калтырсак болот. Бул масканы бардык түрдөгү бет терилер үчүн жумасына 3 жолу деле коё берсек болот. Аталган маска бетти жашартууга, терини жаңыртууга жакшы жардам берет.