Бүгүн, 13-мартта Ош облусунун Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүндө тергөөчү кыздын тапанчасынан ок атылган. Атылган ок жерге тийип, эч ким жабыркаган жок. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирүү таратты.
Маалыматка ылайык, аталган факты Кара-Суу РИИБинде катталып, териштирүү иштери башталды. Окуянын чоо-жайы такталып, жеринде ыкчам-тергөө тобу иш жүргүздү.
Чогултулган материалдар райондук прокуратурага текшерүү жүргүзүү жана укуктук баа берүү үчүн жөнөтүлдү. Аталган факты ИИМдин жетекчилиги тарабынан көзөмөлгө алынды.
Териштирүүнүн жыйынтыгы менен кошумча маалымат берилет.