* 1955-жылыМурдагы Энергетика жана өнөр жай министри Автандил Калмамбетов Ысык-Көл областында туулган. Билими жогорку. 1973-жылы Фрунзе Политехникалык институтуна электр станциялары, тармактар жана системдер адистигине тапшырып, 1978-жылы аяктаган. Ал эми 1995 -жылы Голландиядагы Лейден университетинин эл аралык энергетика укуктары институтун бүтүрүп келген.
* 2013-жылы Бишкекте депутаттар Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров, Талант Мамытов боюнча сот иши башталган. Аталган 3 депутат 2012-жылдын 3-октябрында Бишкектин борбордук аянтында “Кумтөр” алтын кени боюнча митинг уюштурган. Жолугушуу аяктагандан кийин К.Ташиев чогулгандарды бийликти басып алууга үндөп, жан-жөкөрлөрү менен Ак үйдүн тосмосун ашып кирген.
2013-жылдын 6-августунда Жогорку Сот "ата журтчу" депутаттар Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытовго карата козголгон кылмыш иши боюнча чечим чыгарган. Судья Жакып Абдрахмановдун төрагалыгынын астындагы соттук курам Бишкек шаардык сотунун депутаттарды актаган чечимин толугу менен жокко чыгарып, Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевге карата Биринчи Май райондук сотунун өкүмүн өзгөртүп, Кылмыш-жаза кодексинин 30 жана 295-беренелери боюнча күнөөлүү деп тапкан. Аларга райондук сот чыгарган 1 жыл 6 айлык жаза өтөө мөөнөтү кыскартылып, 1 жыл 5 ай деп белгилеген. Ал эми Талант Мамытовдун 1 жылдык жаза өтөө мөөнөтү өзгөртүүсүз калган.