Түрк бийлиги кыргыз-тажик чек арасынын такталышы боюнча билдирүү жиберди

Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда кол коюлган чек ара сызыгын аныктоо боюнча келишимди Түркия канааттануу менен кабыл алат. Мындай билдирүүсүн бүгүн, 13-мартта аталган өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги кыргыз бийлигине жолдоду.

Анда бул келишим аймактагы тынчтыкка өбөлгө түзө тургандыгын кошумчалаган.

"Эки өлкөнүн жогорку деңгээлде жүргүзгөн тыгыз диалогунун натыйжасында жетишилген бул келишимдин аймактагы тынчтыкка, туруктуулукка жана кызматташтыкка өз салымын кошот деп үмүттөнөбүз", - деп айтылган анда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан