Акыркы сутка ичинде республика аймагында 7 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өрткө каршы мамлекеттик агенттиги бүгүн, 10-январда билдирди.
Маалыматка караганда, Чүй облусунда 3, Бишкек шаарында 3, Баткен облусунда 1 өрт кырсыгы катталган. Өрттөрдүн келип чыгуусуна көпчүлүк учурларда меш жана морлордун туура эмес түзүлүшү, электр жабдууларын пайдаланууда техникалык эрежелердин сакталбагандыгы себеп болгон.