Эркин Назаров, «Аю» компаниясынын аткаруучу директору: «Аю» келечекте 60 ишкана ачат»

Менин да бул ишканага баш бакканымдын себеби дал ушул ийгиликке жетүүнүн сырлары тууралуу баарлашуу болчу. Андыктан ишкананын аткаруучу директору Эркин Назаровду кепке тартып, анын жашоосу, жетишкендиктери тууралуу жана «Аюнун» ийгилик «рецебин» билдик.

1969-жылы 10-ноябрда Кара-Суу районунун Кең-Сай айылында туулган.
КМУнун бухгалтердик эсеп жана анализ факультетин аяктаган.
Эмгек жолун «Аю» компаниясында катардагы жумушчу болуп баштаган.
Эки кыздын атасы.
Конок тоскондо дасторконго «Аюнун» гана ичимдиктерин коёт.

«1-КЛАССКА БАРА АЛБАЙ КАЛЫП АБДАН ЫЗАЛАНГАМ»

– Үй-бүлөдө уулдардын улуусу экениме карабай абдан эрке, тентек болуп өстүм. Апам мугалим болгондуктан, «фундаменти» бышык болсун дедиби, айтор, 6 жашымда мектепке беш күн жиберип, кайра чыгарып алды. Анткени кийинки жылы биздин мектепте башталгыч класстарды окуткан күчтүү мугалим 1-классты кабыл алмак экен. Мен болсо ызы-чуу салып, «Эмнеге эл катары мектепке барбайм?!» деп бир топко ыйлап жүргөм. Ошентип, 7 жашымда мектепке барып, 7-8-класска чейин класском болуп, окууда да, спортто да ийгилик жараттым. Баскетбол боюнча балдар курама командасын уюштуруп, райондо 2-орунга жетиштик. Он жылдан бери лигага чыга элек биздин кичинекей мектеп үчүн чоң эле жетишкендик болгон. Азыр ойлосом, ошондо эле башкаруучулук, лидерлик сапат калыптана баштаган экен. Мектепти аяктаганда апам «орус тилчи болосуң» деп ОшМУга документтеримди тапшырса, бир жума консультацияга катышып, экзаменге кирбей Бишкекке качып келе бергем. Борборго келип Кыргыз мамлекеттик университетинин бухгалтердик эсеп жана анализ факультетин тандадым.

«АЮ» ЗАВОДУ БИР ЖЫЛДА КУРУЛДУ»

– «Аю» компаниясы жаңы түптөлө баштаганда катардагы жумушчу болуп кирдим. 2002-жылдын жазынын аягында арак заводун курууну баштоодон мурда эң таза сууну издеп бүткүл Кыргызстандын аймагында изилдөө иши жүргүзүлгөн. Анткени суунун даамы жана жумшактыгы арактын сапатын аныктайт. Мындай орунду Чүй облусунун Сокулук районунун Сокулук айылынан тапкан. Компаниянын жетекчилиги өз командасына мыкты адистерди чакырган. Ал кезде 25 киши иштечүбүз. Учурда 600 адам эмгектенет. Анда азыркы заводдун ордунда «Мамайылчарбатехника» республикалык бирикмесинин ээн калган, тонолгон имараттары, бош турган аянты бар эле. Заводду пайдубалдан баштоодон туура келген. Завод бир жылга жетпеген убакытта курулган. 2003-жылдын апрелинде арак продукциясын өндүрүүгө, сактоого жана сатууга лицензия алынган. Бир жылдан кийин эле арактын ассортименти 25 аталышка жеткен. Бүгүнкү күндө «Аю» продукциясынын 80ден ашык түрү чыгарылат. Ишканада тармактын эң алдынкы жетишкендиктери – технологиялар жана алдынкы адистердин тажрыйбасы, өндүрүштө оптималдуу автоматташтыруу үчүн дүйнөлүк өндүрүүчүлөрдүн заманбап жабдуулары бириккен.

«ЖУМУШЧУЛАРДЫ АР ТАРАПТУУ КОЛДОП ТУРАБЫЗ»

– Ишканабыздын ийгилигинин артында көптөгөн адамдардын эмгеги, аракети турат. Жумушчу кандай жакшы маанай менен эмгектенсе, ошончолук жалпы иш да алга жылат деп ойлойм. Ошондуктан жумушчуларга жакшы шарттарды түзгөнгө аракет кылабыз. Мисалы, жумушка автобус менен алып келип, кайра жеткиребиз. Түшкү тамактануу акысыз. Спорттук залдарды ачып бергенбиз, жаштарыбыз спорт менен машыгышат. Мыкты иштегендерди жана ардагерлерди ар кандай сыйлыктар менен сыйлап, анан дагы Түркияга эс алууга алып баруу жакшы салтыбыз болуп калды. Жумушчуларды ар тараптан колдоп турганга аракет кылабыз. Мисалы, ишканабыздан насыя алганга мүмкүнчүлүк беребиз, жакшылык-жамандыкта материалдык жардам көрсөтөбүз. Бирок жумушка көңүл кош мамиле жасаган кишини, аракети жокторду ишкана жактыра бербейт. Жетекчилик да жумушчулардан ак эмгекти, чынчылдыкты, патриоттуулукту талап кылат. Дагы айтып кетүүчү жагы, Сокулук районунун бюджетине түшүп жаткан салыктан тышкары көптөгөн жумуш орундары түзүлгөн. Бизде кээ бир үй-бүлөдөн 2-3 адамдан иштешет.

«КЫРГЫЗ АРАГЫН АФРИКАГА САТАБЫЗ»

– 10 жыл аралыгында жергиликтүү гана эмес, эл аралык рыноктон өз ордун тапкан «Аюнун» товарлары учурда Вьетнам, Кытай, Бельгия, Германия, АКШ, Казакстанга жана башка өлкөлөргө экспорттолуп жатат. Жакында эле Африканын үч өлкөсү менен келишим түздүк. Мындан сырткары продукциябызга кызыккан Орусиянын өкүлдөрү да бар. «Аюнун» алдыдагы ишке ашырчу чоң-чоң долбоорлору бар. Бүгүнкү күнү «Аю» көп тармакты иштетип өнүктүргөн чоң холдингге айланды. Келечекте 60 ишкана ачып, көп тармактуу иш алып баралы деп жан үрөп жатабыз.

«ИЙГИЛИК СЫРЫ»

– Ийгиликке жетиш абдан кыйын. Бул жерден биздин жетекчибиздин ишмердик талантын айтып өткүм келет. 2000-жылдардын башы татаал убак болчу. Убагындагы кыйынчылыктарга карабай болгон каражатын, күчүн ишке жумшаган. Азыркыга чейин эле түшкөн каражаттар өндүрүштү кеңейтүүгө, жакшыртууга жумшалып турат. Бизде команда күчтүү, мекенчил адамдар көп. Катардагы жумушчудан тарта жетекчиге чейин, баарыбыздын максатыбыз бир. Алга жылуу, өзүбүз үчүн да, мамлекет үчүн да пайда келтирүүнү көздөгөн жамааттын бир муштум болуп иштей алган биримдигинде ийгиликтин ачкычы жатат деп айта алам. Менин оюмча, чынчыл, таза адамдар болсо, иш дайыма алдыга жылат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
alik1602
2014-02-03 13:02:25
сексенден ашык туру болсо,бир кундо беш миллионго чейин арак чыгат,кыргызстанда беш миллионго жетпеген калк бар.
0
admin_superstan
2014-04-14 10:40:48
vanga_78, cайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-комментарий же талкуу иретинде жазылган учурларда сайттын жетекчилиги андай билдирүүлөрдү өчүрүү менен кошо колдонуучуну сайттан четтетиши мүмкүн. Сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерге жазылып жөнөтүлүшү керек.
10 күн БАН!
0
arena2014
2015-09-08 15:26:19
60 ишкана ачып али коп адамдардын олумуно жол кырсыктарына себепкер болобуз дегениби?
+3
balzak
2015-09-09 16:25:04
башка олколор менен тузгон келишими жакты,ошолорго эле сата бергиле, кыргыздарга арактан башка маселелер бар
0
Malik92
2017-11-12 16:37:33
Аракты чыгарганга,буюртма бергенге, сатканга, сатып алганга, ичкенге, ичиргенге Аллахым каргыш айткан. Айланайын мусулман элим атың өчкүр арактан оолак бололучу. Жада калса арактын эжеси вино акеси пиво ж.б ушуга окшогон спирттик ичимдиктерди колго албайлы жакшылыка алып барбайт. Арактын алып бара турган жери белгилүү түбөлүк тозок!!!
+1
Kaary
2019-06-16 14:41:07
Аа кыйраткан турбайсызбы?! Ошончо миллиондогон адамдар биздин "АЮ" арагыбыздан ууланып, тукумсуз, бир жакшынакай балдар жетим, татынакай үй-бүлөө ажырашып жесир, бомж, жакшы ишмер көчөдө кайыр сурап калып жатат, дагы да ушул корсөткүчтү өстүрүп, миллиардаган Кудай жараткан инсандарга жайылта бермекчибиз десеңиз туура болмок! Каяктагы патриоттуулук? Тескерисинче Терроризм деп атаса болот, терорлор автомат м.н өлтүрсө, силер бөтөлкөгө чөктүрүп өлтүрүп атасыңар! Кудайдан корккула! Эртең ж
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан