Бишкек шаарынын 26 жаштагы Эржан аттуу тургуну милиция кызматкерлерине кайрылган. Анын айтымында, эки белгисиз адам күч колдонуу жолу менен жанындагы 14 500 сомун жана уюлдук телефонун тартып алышкан. Октябрь райондук ички иштер бөлүмү тарабынан изи сууй электе кылмышка шектелип 28 жаштагы Бишкек шаарынын эки тургуну кармалышкан. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.