Бишкекте мыкаачылык менен күркөнүн сатуучусу өлтүрүлгөн. Иликтөөнүн жүрүшүндө аялдын кош бойлуу экени аныкталган. Бул тууралуу 10-январда Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, кечээ 14:30дар чамасында Малышев жана Араван көчөлөрүнүн кесилишиндеги күркөдө жаш келиндин жансыз денеси табылган. Ленин РИИБинин кызматкерлери маркумдун денесине 13 жолу бычак сайылганын аныкташкан.
Каза болгон айымдын 33 жашта, Нарын облусунун Ак-Талаа районунда туулгандыгы белгилүү болгон. Күйөөсү менен күркөнү ижарага алып иштетип жатышкан. Бирок окуя болгон учурда ал жалгыз болгон.
Кылмышкерлер кассадан 2 миң сомдун тегерегиндеги акчаны, сатуучунун моюнундагы алтын чынжырчасын жана уюлдук телефонун алып кетишкен. Ал эми сурмадагы 4 миң сом менен 4 уюлдук телефонду көрбөй калышканбы, айтор аларды алышкан эмес.
Аталган факты боюнча кылмыш иши козголду. Соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгында өлтүрүлгөн аялдын 6 айлык боюнда бар экени айтылган. Анын артында 8 жана 6 жаштагы балдары калды.