"Учкун" басмаканасы жаңы үлгүдөгү кыргыз сомун баса баштады

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 24-мартта "Учкун” ачык акционердик коомуна барып, күйүүчү майды маркировкалоо, акциздик маркаларды жана паспортторду даярдоо боюнча өндүрүш процесси менен таанышты. Бул тууралуу президенттин администрациясынан кабарлашты.

"Мамлекет башчысынын тапшырмаларын аткаруунун алкагында ишканада масштабдуу модернизациялоо жүргүзүлгөн. Паспортторду, акциздик маркаларды жана окуу адабияттарын чыгаруу үчүн заманбап басма орнотмолору сатып алынды, инфратүзүмү жаңыртылды, бул өндүрүштүн көлөмүн кыйла жогорулатууга жана жаңы жумуш орундарын түзүүгө мүмкүндүк берди.

Президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев 2024-жылы киргизилген күйүүчү майды маркировкалоо системасына өзгөчө көңүл бурулганын билдирди. Бул механизм мамлекеттик бюджетке акциздик жыйымдардан түшүүлөрдүн олуттуу көбөйүшүнө, мунайзаттардын сапатына көзөмөлдү күчөтүүгө жана отундун көмүскө жүгүртүлүшүнө каршы күрөшүүгө өбөлгө түздү", - деп жазылат анда.

Акционердик коомду кыдыруу маалында мамлекет башчысына ата-мекендик ишканада кыргыз сомун чыгаруу башталганы тууралуу маалымат берилди. Улуттук банктын төрагасы Мелис Тургунбаев биринчи этапта майда номиналдагы купюралар басып чыгарыларын, бул бул жүгүртүүдөн алынчу эскилиги жеткен банкнотторду тез арада алмаштырууга мүмкүндүк берерин белгиледи.

Ал “Учкундун” базасында чыгарылган жаңы кыргыз сому жасалма акча жасоодон корголгон эң алдыңкы дүйнөлүк стандарттарына жооп берип, улуттук валютанын ишенимдүүлүгүнүн жогорку деңгээлин камсыз кыларын айтты. Ошол эле учурда Мелис Тургунбаев буга чейин кыргыз сому Европа өлкөлөрүндө чыгарылып келгенин эске салды. Андан соң президентке Кыргызстанда басылып чыккан улуттук валютанын алгачкы үлгүсү көрсөтүлдү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан