Апасы менен урушкан бала үйүн өрттөгөн. Бул тууралуу бүгүн, 10-январда Чүй ИИББнин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, бала баңгизатын колдонгон абалда болгон. Апасы уулуна бул жаман адатын таштоосун айтканда, ал канистрдеги күйүүчү майды үй ичине чачып, ширеңке тутанткан. Аял дароо милиция бөлүмүнө жана өрт өчүрүү кызматына чалган.
Милиция кызматкерлери баланы кармап, анын чөнтөгүнөн баңгизатын табышкан.