Ушул жылдын 1-сентябрынан тарта жол эрежесин бузган айдоочулар үчүн токтотулган жерден жол эрежелерин суроо процедурасы башталат.
Эми кимде-ким жол эрежелерин билбесе, ошол замат айдоочулук күбөлүгү алынып, “Унаа” мекемесине убактылуу жөнөтүлөт (айдоочулук күбөлүгүнөн ажыратылбайт).
Айдоочу каалаган убактысында “Унаа” мекемесине барып, жол эрежелери боюнча кайрадан сынактан өтсө, айдоочулук күбөлүгү дароо кайтарылып берилет. Сынактан өтпөсө, кийинкиге калтырылат.
Бүгүнкү күндө бул демилге коомчулукта түрдүү пикирди жаратууда.