ӨКМнын кызматкери көлмөгө чөгүп кеткен эки баланы куткарып калды. Бул туурасында аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 2013-жылдын 31-декабрында 4 жаштагы Жаныбек жана 5 жаштагы Канат эшикте ойноп жүрүшкөн. Алар балык көрүү үчүн үйдүн жанындагы жасалма көлмөгө барып, тоңуп калган муздун үстүндө ойношкон. Ошол маалда муз жарылып, сууга чөгүп кетишкен. Балдардын кыйкырыгын уккан ӨКМнын кызматкери Руслан Арыкбаев дароо жардамга келген. Эки бала суунун ичинде 5 мүнөткө жакын туруп калышкан. Алар 20 мүнөттөн кийин гана эсине келишкен.