Чу дарыясы тоңуп, анын жээгинен ашып агып жаткан суу Кызыл куруучу дачасындагы 5 үйдүн короосун жана жер төлөсүн каптады. Бул туурасында ӨКМнын өкүлү Азиз Эгембердиев билдирди.
Маалыматка караганда, азыркы тапта жээкти бекемдөө иштери жүрүүдө. Учурда 3 самосвал, 2 жүктөгүч иштеп жатат. Ошондой эле КРнын Коргоо министрлигинен 15, КРнын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен 10 аскер жардамга чакырылган.