Армения ЖККУну каржылоодон баш тартты

Армения Жамааттык коопсуздук келишим уюмун (ЖККУ) каржылоо боюнча документине кол койбой турганын кабарлады. Бул туурасында чет элдик басылмалар жазышууда.

Маалымдалгандай, Армения бийлиги Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун катчылыгына расмий кат жиберген. Бирок өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги ЖККУну каржылоо багытындагы документтердин жол-жобосу коомчулукка ачыкталбай тургандыгын билдирди.

Айта кетсек, 2024-жылы Армениянын премьер-министри Никол Пашинян баш болгон бийлик өкүлдөрү ЖККУга катышуудан убактылуу баш тартуу чечимдерин кабыл алып, айрым жыйындарга барган эмес. Ал эми өлкөнүн парламенти өткөн жума Евробиримдикке мүчө болуу долбоорун колдоп берген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан