Түштүк Кореянын президентине импичмент жарыялоону Конституциялык сот жактырды

Түштүк Кореянын Конституциялык соту өлкөнүн президенти Юн Сок Ёлдун импичменти боюнча акыркы чечимин чыгарды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, Конституциялык сот өткөн жумада парламенттин өлкө башчынын импичменти тууралуу сунуштамасын кабыл алууну чечкен.

Бул чечим парламент президентти кызматынан четтетүү боюнча сунуштагандан 111 күн, соттук угуулардан 38 күн өткөндөн кийин кабыл алынган. Бул өлкөнүн тарыхында эң узак каралган иш болуп калды.

Эми өлкөдө 60 күндүн ичинде жаңы мамлекет башчысы шайланышы керек. Мөөнөтсүз шайлоо 3-июнга дайындалган.

Белгилей кетсек, өткөн жылдын декабрь айында Юн Сок Ёл өлкөдө аскердик абал киргизүү чечимин кабыл алган. Ошондон кийин парламент аны козголоң аракети үчүн айыптап, ага импичмент жарыялаган. Көп өтпөй депутаттар аскердик абалды алып салууга добуш беришкен. Ал 15-январда экинчи ирет суракка жеткирилип, андан кийин камакка алынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан