2013-жылы Орусиядагы Кыргызстандын элчилигине 448 жаран “орусиялык жумуш берүүчүлөрдөн эмгек акыбызды ала албай жатабыз” деп кайрылган. Алардын көпчүлүгү турак жай-коммуналдык чарбаларда, тейлөө, соода жана курулуш тармактарында иштегендер. Бул туурасында Орусиядагы Кыргызстандын элчилиги билдирди.
Маалыматка караганда, элчиликтин кызматкерлеринин жардамы менен, берилбей келген 5 миллион рубль өлчөмүндөгү эмгек акы кайтарылган.