Билим берүү министрлиги кадрлар резервин түзүү үчүн сынак жарыялады

Билим берүү жана илим министрлиги башкы (борбордук аппарат жана райондук/шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн башчысы), улук жана кенже административдик мамлекеттик кызмат орундарына кадрлар резервин түзүү максатында сынак жарыялады.
Билдирүүгө ылайык, документтер 4-апрелден 15-апрелге чейин кабыл алынат.
Тандоого катышуу үчүн төмөнкү документтер тапшырылууга тийиш:
  • жеке арызы;
  • өздүк баракча, 2 сүрөт (3х4);
  • резюме (электрондук даректи көрсөтүү менен), өздүк таржымал (соттолбогондугу тууралуу маалымат);
  • нотариустан күбөлөндүрүлгөн негизги жана дагы кошумча билими бар болсо ырастаган документтердин көчүрмөлөрү;
  • нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо);
  • илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин нотариустан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү;
  • паспорттун көчүрмөсү;
  • соттолбогондугу тууралуу ИИМ маалымкаты.
Документтер Билим берүү жана илим министрлигинде (Бишкек шаары, Тыныстанов көчөсү №257" кабыл алынат. Сурап билүү үчүн телефон: (0312) 62-05-09,
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан