"Чоңдор алып коюптур..." Оштун мэри Төлөйкөндөгү эс алуу жайларынын мыйзамдуулугун карап чыгууну талап кылды (видео)

Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев кезектеги рейддин Төлөйкөн айылында өткөрдү. Бул туурасында мэриядан кабарлашты.

Белгилей кетсек, аталган аймак жеке менчик эс алуучу жайлары жана бассейндери менен белгилүү.

Маалымдалгандай, шаар башчысы жеринде жайгашкан эс алуучу жайлардын мыйзамдуулугун текшерип чыгуу зарылдыгын белгилеп жана жер тилкелерин тактап мамлекетке кайтаруу боюнча тиешелүү кызматтарга тапшырмаларды берди.

"Ак-Бууранын башындагы жерлердин баарын чоңдор алып коюптур. Баарын кайтарабыз. Бей-бечараларга эч нерсе жок. Тазалайбыз", - деп белгиледи Токторбаев.

Оштун мэри Төлөйкөндөгү эс алуу жайларынын мыйзамдуулугун карап чыгууну талап кылды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан