Баткенде аскер адамдарынын бири экинчисине ок чыгарганы айтылды

Баткендеги Куралдуу күчтөрдүн Түштүк-батыш оперативдүү командачылыгынын аскер бөлүктөрүнүн биринде аскер адамдарынын бири экинчисине ок чыгарган. Бул туурасында Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы SUPER.KG порталына тастыктады.

Маалымдалгандай, жарадар болгон аскер кызматкеринин абалы канааттандырарлык деп бааланууда.

Бул факты боюнча Баткен гарнизонунун аскер прокуратурасы тарабынан кызматтык иликтөө жүрүп жатат. Түштүк-батыш оперативдик командачылыгынын кол башчысы -Коргоо министринин орун басары окуяны өз көзөмөлүнө алып, териштирүү максатында жерине жөнөп кеткендиги айтылды.

Басма сөз кызматы окуянын жүрүшү боюнча кошумча маалымат бериле тургандыгын белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Azat-123
2025-04-06 18:18:00
Баткенди толук кандуу коргоого алалы деп Баткен боюнча бардык аскер структурасынын айлык маянасын көтөрүп койсо эми мынтип кутурушуп бир-бирине ок чыгарганын кандай түшүнсө болот, эски жегич кадрларды тазаламайын жаңы жаш күчтүү кадрлардан үмүт кылбай эле койгула
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан