Жээнбек Кулубаев БУУнун башкы катчысы Гутерриш менен жолугушту

АКШнын Нью-Йорк шаарында тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Бириккен Улуттар Уюмунун башкы катчысы Антониу Гутерриш менен жолугушту. Бул боюнча министрликтин басма сөз кызматы кабарлады.

7-апрелде өткөн жолугушууда министр БУУнун эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту камсыздоо, глобалдык социалдык-экономикалык жана климаттык көйгөйлөрдү чечүү боюнча аракеттерин колдоорун билдирди.

Министр Кыргызстандын Туруктуу өнүгүү максаттарына карманганын ырастады жана өлкөнүн тоолуу күн тартибин алдыга жылдыруу, жашыл экономиканы өнүктүрүү жана айлана-чөйрөнү коргоо сыяктуу негизги артыкчылыктары жөнүндө айтты. Буга байланыштуу Кулубаев бул маселелерди эл аралык аренада мындан ары илгерилетүү үчүн БУУга колдоо көрсөтүү өтүнүчүн билдирди.

"Кулубаев БУУнун башкы катчысына Борбордук Азияда болуп жаткан саясий трансформациялар, ошондой эле тынчтыкты жана туруктуулукту чыңдоого багытталган региондогу мамлекеттердин биргелешкен аракеттери тууралуу маалымат менен бөлүштү.

Тараптар ошондой эле БУУнун алкагында мындан аркы өз ара аракеттенүүнүн жана кызматташтыкты тереңдетүүнүн перспективаларын карап чыгып, азыркы шарттарда эл аралык мамилелерде туруктуулукту жана прогрессти камсыз кылуунун негизги шарты болуп саналган пикир келишпестиктерди жоюу үчүн конструктивдүү диалогду колдоонун маанилүүлүгүн баса белгилешти", - деп айтылат анда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан