Жети-Өгүздө 26 жылдан бери мыйзамсыз пайдаланылып келген 14 гектар жер мамлекетке кайтарылды

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы 14 гектар жер тилкеси мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.

Маалыматка ылайык, район тургуну 1999-жылдан бери Ак-Дөбө айыл өкмөтүнүн балансында турган жерди мыйзамсыз пайдаланып келгени аныкталган. Ал жер тилкесине ээлик кылуунун мыйзамсыз экендигин түшүнүп, мүлктү Оргочор айылынын балансына ыктыярдуу негизде кайтарып берген.

УКМК мыйзамсыз менчикке өтүп кеткен жер тилкелерин аныктоо жана мамлекеттин менчигине кайтаруу боюнча иштер уланып жатканын кошумчалады.

УКМК
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан