Чүйдө өзгөчө ири өлчөмдө алдамчылык кылууга шектелген жаран кармалды

Чүйдө өзгөч ири өлчөмдө алдамчылыкка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгы кабарлады.

Милициянын маалыматына ылайык, 26-март күнү О.Д. аттуу жаран милицияга арыз менен кайрылган. Арызында ал 8-март күнү Орусиядан букаларды алып келгенин, аларды Н.Н. жана Н.Р. аттуу жарандар алдоо жолу менен алып, башка бирөөлөргө сатып жиберишкендигин билдирген.

Мындан улам ал 4 миллион 282 миң сом зыян тарткан.

Аталган факты Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгына катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин (Алдамчылык) негизинде кылмыш иши козголгон.

Ыкчам издөө жана атайын иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө милиция кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү катары 1977-жылы туулган Н.Р. аттуу жаран кармалган.

Учурда экинчи шектүү жаран Н.Н. аттуу жарандын жүргөн жерин аныктоо жана кармоо боюнча ыкчам иликтөө иш-чаралары жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан