Ош облусунун Алай районундагы сүт-товар фермасынын жер тилкеси мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.
Атайын кызматтын маалыматы боюнча, аталган жер тилкеси 0,75 гектарды түзөт жана ал убагында мыйзам бузуу менен менчиктештирилип кеткен. Факт боюнча сотко чейинки өндүрүштүн алкагында тиешелүү иштер жүргүзүлүп, натыйжада жер тилке ыктыярдуу түрдө мамлекеттин балансына кайтарылган.
УКМК былтыр февраль айында да Алайда мурда мыйзамсыз менчиктештирилип кеткен сүт-товар фермасынын жер тилкеси мамлекетке кайтарылганын маалымдаган. Анын алдын ферма боюнча козголгон кылмыш ишти токтотуу үчүн 3 гектар аянттагы жердин ээси УКМК кызматкерине пара берип жатканда кармалган.