"Велосипед тээп кеткен". Бишкекте 10 жашар өспүрүм дайынсыз болууда

Бишкек шаарында 10 жаштагы жаш өспүрүм бала дайынсыз болууда. Бул тууралуу Ленин райондук ички иштер бөлүмү билдирди.

Маалыматка ылайык, кечээ, 12-апрелде милицияга анын апасы кайрылып, баласы ошол эле күнү Ак-Ордо - 1 конушундагы үйүнөн саат 13:00-14:00 чамаларында кочкул кызгыл түстөгү велосипед тээп чыгып кеткен бойдон кайтып келбегенин айткан.

  • Белгилери: бою 130–135 сантиметр, арык денелүү, чачы кара.
  • Кийген кийимдери: кара футболка, кара шым, кара бут кийим.

Милиция айтылган баланы көргөндөр болсо кабарлап коюуну өтүнөт. Байланыш номурлары: 0(312) 35 12 70, 0(312) 35 26 05, 0 777 229 810, 0 553 102 880, 0 551 088 330 же 102.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан