44 жаштагы адамды чогуу жашаган аял бычак менен сайып салды. Бул туурасында Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, окуя 8-январь күнү саат 12:30дар чамасында болгон. Алар спирт ичимдиктерин ичип, андан соң уруша кетишкен. Ошол учурда аял бычак менен тиги кишини моюнга сайып жиберген.
Учурда жогорудагы факты боюнча тергөө амалдары жүрүп жатат.